• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте жаңы курулган Ынтымак ордосу качан ачылары белгилүү болду

Коом 0


Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бишкекте жаңы курулган Ынтымак ордосу 30-августта ачылат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул тарыхый жана мамлекеттик маанидеги имарат келечек муунга мураска калчу имарат болуп саналат.

"Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен курулган, башынан аягына чейин анын жеке көзөмөлүндө болгон жаңы Ынтымак ордо имараттын ачылыш аземи Кудай буюрса, 30-августта өтөт. Бул иштин башында турган президентибиз Садыр Нургожоевичке, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбековичке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичке жана бардык эмгекчил куруучуларга, ошондой эле кыргыз элине көрсөтүп жаткан колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Бул тарыхый жана мамлекеттик маанидеги имарат келечек муунга мураска калчу имарат болуп саналат. Президентибиз келечекти түптөп жатат, биз баарыбыз бул тарыхый иштин күбөсү болуудабыз", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий