• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте жаңы заманбап төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында 200 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жалпы чыгымы 420 млн сомду түзгөн 5 кабаттуу жаңы имарат толугу менен Садыр Жапаровдун колдоосу менен табылган инвесторлор тарабынан каржыланат.

1936-жылы курулган №1 төрөт үйү республикадагы алгачкылардан болуп саналат. Учурда репродуктивдүү курактагы аялдардын саны 83 миңден ашкан Бишкек шаарынын Свердлов районундагы аялдарды тейлейт. Андыктан, төрөттүн көбөйүп, шаардын кеңейип баратканын эске алуу менен жаңы заманбап төрөт үйүн куруу зарылдыгы келип чыккан.

"Жаңы төрөт үйү төрөт жана ара төрөлгөн ымыркайларды кароо үчүн шарттарды гана жакшыртпастан, медициналык кадрларды даярдоонун заманбап инфраструктурасын түзөт. Биз ар бир аялга жана балага ыңгайлуу, коопсуз жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө умтулабыз”, - деп белгиледи саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Жаңы төрөт үйү заманбап операциялык бөлмөлөр, аялдар жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн интенсивдүү терапия, төрөгөн аялдын жакындары үчүн күтүү жайлар, ошондой эле медицина кызматкерлерин окутуу үчүн симуляциялык кабинет менен жабдылат. Ал шаардын өсүп жаткан муктаждыктарын эске алуу менен курулуп, борбордогу кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууга олуттуу кадам болот.

Пикир

Оставить комментарий