Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Бишкек мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы жол чырактарды куруу жана орнотуу боюнча сынак жарыялады.
Ага ылайык, жол чырактар шаардын 8 бөлүгүндө орнотулат:
- Щербаков жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Ауэзов жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Садыгалиев жана Жамгырчинов көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Асаналиев жана Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Заманбап маалыматтык технологиялар жана билим берүү институтунун (ИСИТО) алдындагы Махатма Ганди көчөсүндө;
- "Улан – 2" кичи районундагы 7-апрель көчөсүндө;
- №4 кичи районундагы №17 мектептин алдында.
Тендерге катышуу үчүн арыздар 13-16-январга чейин жүрөт. Жаңы жол чырактарга 4 миллион 100 миң 488 сом каралган.
Белгилей кетсек, Бишкектин көчөлөрүндө 2019-жылы унаа жана жөө жүргүнчүлөр үчүн 25 жол чырак орнотулган.
Пикир
Оставить комментарий