• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Бишкекте жаңыланган мамлекеттик цирк расмий ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.11.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/.Бүгүн Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирк жаңылануудан кийин расмий түрдө ачылды.

Ачылышына президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Президенттин иш башкармасынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана башка мамлекеттик органдын өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, коомдук ишмерлер, көрүнүктүү инсандар катышты.

Иш-чараны оболу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов ачып, цирктин тарыхы, маданият тармагындагы жетишкендиктерин айтып берди.

“Акыркы жылдары маданиятка абдан жакшы көңүл бурулууда. Союз убагынан бери алмаштырылбаган музыкалык аспаптар алынып, жаңыланды. Бүгүн сиздерге бир кубанычтуу кабар айткым келип турат. 2025-жылы маданиятты өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 3 млрд сом бөлүнгөнү турат” – деди министр.

Эске салсак, Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирк 1976-жылы салынып, колдонууга берилген. Ошондон бери бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Имараттын ичи дагы, тышы дагы өтө начар абалга кептелип калганы маалым. Өткөн жылы президент Садыр Жапаров циркти текшерип, абалы менен таанышкан соң толугу менен оңдоп чыгуу тапшырмасын берген. Азыркы тапта калаадагы негизги архитектуралык имарат жаңыланып, колдонууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий