Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. Бишкекте жакынкы күндөрү 1 миңге жакын ипотекалык батир өз ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу III Элдик курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Мамлекет башысынын айтымында, батирлер өлкөнүн батыш тарабында курулуп жаткан "Мурас" кичи районунан берилет.
Өлкө башчысы белгилегендей, азыр облустардан тартып кичи шаарлардын борборлоруна чейин ипотекалык турак жайлар курулуп жатат, келечекте ипотекалык үйлөр айыл жерлерине чейин жетет.
"Мамлекеттик ипоткалык компания тездик менен байып жана өнүгүп бара жаткан компания. Компания келечекте муктаждык жана суроо-талап болсо 25 жылга бөлүп төлөө шарты менен айылдарга чейин там куруп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот", - деди президент.
Пикир
Оставить комментарий