• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте жарнама конструкцияларын демонтаждоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Бишкекте жарнама конструкцияларын демонтаждоо уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери "Бишкекбашкыархитектура", "Тазалык" ишканасынын өкүлдөрү жана Свердлов акимчилигинин кызматкерлери менен биргеликте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрдү.

Рейд Төрөкул Айтматов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Мамбетов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө 14 жарнама конструкциясы жана 1 бастырма демонтаждалды.

Буга чейин комиссия тарабынан жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирмелер берилген.

Пикир

Оставить комментарий