• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү ФАОнун КРдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен кызматташтык маселелерин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. 17-июнь күнү Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Д. Мукашев БУУнун Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси Аднан Рауф Кереши менен жумушчу видеоконференция өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

“Видеоконференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын САУ (ФАО) менен кызматташтыгынын актуалдуу темалары талкууланды. Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Кыргызстанга көрсөткөн жардамына, анын ичинде Кыргызстандын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин линиясы боюнча чегирткелерге каршы күрөшүүдө, ошондой эле Соода-сатык жана айыл чарба уюму менен Жашыл климаттык фонддун биргелешкен “Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайлоолорго климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” долбооруна тиешелүү маселелерге өзгөчө көӊүл бурулду. Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгынын кыргыз тоолук айымдар ассоциациясынын салттуу кыргыз кезедемелерин пайдалануу менен кийимдер коллекциясын иштеп чыгууга жана аны андан ары тышкы рынокко илгерилетүүдө көрсөткөн көмөгүнүн маанилүүлүгү белгиленди”, - деп билдиришти министрликтен.

Аднан Рауф Кереши Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси катары өлкөгө көмөк көрсөтүүнү улантуу үчүн бүт аракетин жумшарын билдирген.

Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы жаңы өкүлү жакынкы аралыкта Кыргызстанга келүүнү пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий