• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте жер тилкесине мунапыс алууга укугу бар жарандардын арыздарын кабыл алуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районундагы жер тилкелерине мунапыс берүү үчүн документтердин толук пакетин берген жарандардын тизмелери белгилүү болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаада жарандардын мунапыс объектилерине менчик укуктарын камсыз кылууга багытталган жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салган "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга ылайык арыздарды кабыл алуу улантылууда.

Арыз берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • арыз ээсинин өздүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөсү;
  • юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде арыз берүүчү юридикалык жак болсо);
  • объекттин техникалык паспортунун көчүрмөсү;
  • нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат (эгерде арыз өкүл тарабынан берилсе);
  • объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (мисалы, коммуналдык кызматтарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөктөр, салык төлөмдөрү, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер).

Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичи району, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак жай куруу жана шаар куруу департаменти тарабынан кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий