• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга райондук штабдын мүчөлөрү, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө участокторду материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Ар бир шайлоо тилкесинде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Штабдын мүчөлөрүнө округдук шайлоо комиссиясына бекитилген шаардык кызматтар менен бирге шайлоо участкаларын тез арада жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процессине райондук муниципалдык кызматкерлердин кийлигишүүсүнө жол бербөө өзгөчө белгиленди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий