Бишкек, 16.11.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте эл аралык байкоочулар үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү тааныштырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүнтөн тарта айрым категориядагы жарандар үчүн сырттан добуш берүү башталганын белгиледи.
"Кыргызстанда 10 жылдан бери шайлоо реформасы жүрүп жатат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон бери өлкөдө шайлоочуларды жана алардын добуштарын бурмалоонун жана эсепке алуунун ар кандай түрлөрүн жоюуга багытталган таптакыр жаңы шайлоо модели колдонулууда. Бул модель биринчи колдонуудан эле өзүн ийгиликтүү далилдеди жана бүгүнкү күндө биз көп кырдуу шайлоо процессинин алкагында башка көйгөйлөрдү акырындап чечип жатабыз. Бул шайлоо жакында мыйзамда бекитилген административдик-аймактык реформадан улам өтүп жатат", - деди ал.
Анын айтымында, реформанын натыйжасында 484 айыл аймактын ордуна 264 түзүлдү, булар 33 шаар жана 231 айыл аймагы болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий