• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте жергиликтүү жамааттар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Бишкекте жергиликтүү жамааттар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, агенттиктин эмгек жамааты, КР ЖӨБ союзунун директору Бектурган Орозбаев, Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештеринин төрагалары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.

Анда мындай деп айтылат:

“Жергиликтүү жамааттар- мамлекеттин бирдиктүү саясатын ишке ашуусуна түздөн-түз катышып өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп келесиздер. Президент Садыр Жапаров “Аймактар өнүксө — өлкө өнүгөт” деп баса белгилөө менен бизге тийиштүү тапшырмаларды берип, аткарылуусун дайыма көзөмөлдөп келет. Бүгүнкү күндө коомчулуктун активдүүлүгү жогорулап, аймактык деңгээлдеги маселелерди чечүүдө чоң күч болууда. Кылым долбоору делген Чоң-Чүй каналы өткөн доордун белеги болсо, Кадамжайдагы “Алга Кадам” долбоору учурдагы жалпы элге үлгү болоор демилге.

Ошондой эле, Аравандагы Алля Анаров айыл аймагындагы жолго таш төшөѳ, Ысык-Көлдөгү Чоң-Сары-Ой, Аламүдүн районундагы Аламүдүн жана башка айыл өкмөттөрүндөгү жасалып жаткан алгылыктуу иштерди атай алабыз. Ѳзгѳн районундагы Жылалды айыл ѳкмѳтү жергиликтүү маселелерди чечүүдѳ, атап айтсак, ички жолдорду оңдоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, социалдык объекттерди куруу жана оңдоо сыяктуу иштерде жергиликтүү жамааттар менен иштѳѳнүн эң жогорку үлгүсүн кѳрсѳтүп келет. Учурда, бийлик өкүлдөрү калктуу конуштардын инфраструктураларын өнүктүрүүдө, элибизге сапаттуу кызмат көрсөтүп, алардын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө сыртта карап турганы жок. Анын мисалы катары ички жолдоруна асфальт басылып жатканы алкоого татыктуу иш экени анык. Жер, жерлерди өнүктүрүү үчүн жамааттык жалпы жашоонун ченемдерин чыңдоо боюнча демилге көрсөтүү максатында жергиликтүү жамааттардын активдүүлүгүн жогорулатуу учурдун талабы. Бул багытта Агенттик Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставын иштеп чыгып бекиткен жана аны бардык шаардык, айылдык кеңештерге жеткирген.Типтүү уставда негиз катары он эки ички жашоо эрежелери киргизилген”.

Иш чарада агенттиктин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М. Өмүрзаков аткарылган иштер менен максаттар тууралуу презентация жасаса, ЖӨБ органдарын укутук камсыздоо секторунун башчысы Аксакалдар соту, жергиликтүү жамааттардын укук ченемдик актылары боюнча баяндама кылды.

Салтанаттын башталышында агенттик тарабынан даядалган видеоролликтер көрсөтүлүп, аягында Жергиликтүү жамаатардын “Шайыр апалар” тобу чакан концерт тартуулашты.

Андан сырткары, Жергиликтүү жамаатардын өкүлдөрүнө жана аларга жакындан колдоо көрсөтүп эмгеги сиңген инсандарга агенттиктин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий