• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин эксперттеринин консультациялары өттү

Саясат 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин эксперттеринин 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Үчүнчү протоколдун долбоору боюнча консультациялары өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, консультацияларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын жана ЖККУнун катчылыгынын эксперттери катышты.

Консультациялардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий