• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкекте жогорку класстын окуучулары үчүн хакатон башталды

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бишкекте Россотрудничествонун жана Минин окуу жайы тарабынан жогорку класстын окуучулары үчүн хакатон башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, хакатондун алкагында балдар VR технологияларын, робототехниканы жана программалоону колдонуу, IT жана жогорку технологиялар тармагындагы келечектеги кесиптер тууралуу маалымат ала алышат.

Минин окуу жайынын проректору Эльвира Самерханова хакатондун жыйынтыгында балдар командада иштөөнү, убакытты туура башкарууну үйрөнүп, көйгөйдү эффективдүү чече аалышарын баса белгиледи.

“Хакатон келечектеги кесипти тандоо темасына арналган. Балдар өзүнө эмне жагарын чечүүгө жардам бере турган өз теңтуштары үчүн продуктуну иштеп чыгышы керек. Алдыда балдарды үч күндүк абдан кызыктуу жана курч жумуш күтүп турат”,-деди Самерханова.

Маалымат үчүн: Хакатон - бул программисттер, дизайнерлер, менеджерлер жана башка IT адистери кыска убакыттын ичинде жаңы продуктунун же программанын прототибин түзүү үчүн чогулган иш-чара.

Пикир

Оставить комментарий