• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте жол четинде турган аялды маршрутка сүзүп кетти. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда Бишкектеги Байтик баатыр көчөсү менен бара жаткан 169-маршрутка аялды сүзүп кетти. Ал ошол жерден көз жумганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 9дар чамасында Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги №26 үйдүн алдында болгон.

"Алдын ала маалымат боюнча, 41 жаштагы маршрутканын айдоочусу 45-50 жаштагы европа улутундагы аялды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат. Маршрутканын айдоочусу кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий