• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен саат 8:00дөн тарта кызды издөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.

Учурда издөө иштерин улантууга жалпы 30 куткаруучу тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий