• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 3, Чүй облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 5, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 29 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Сокулук районундагы Беловодский айылында Кыргызстанга 50-жыл көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган болжолу менен 500 чарчы метр болгон эски иштелбеген Биринчи май орто мектебинин имараты күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Кара-Буура районунун Арчалы айылынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Жаныш” кафесинин 510 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Өзгөн районунун Мырзаке айылында жалпы аянты 92 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарайдын чатыры жана биринчи кабаты, 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий