• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектеги Сыдыков көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Сыдыков көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдолгон жолдун жалпы узундугу 0,5 чакырымды түзүп, тротуарларды жана ирригациялык системаларды иретке келтирүү, жол белгилерин коюу жана жол белгилерин орнотуу менен толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытай грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ишке ашырылган. Жол иштери алты ай жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий