• 87.86
  • 93.94
  • 1

Муфтият: Дооловдун айткандары адамдын ар намысына шек келтирбейт

Коом 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Садыбакас ажы Дооловдун айткандары адамдын ар намысына шек келтирбейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Муфтият социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Садыбакас ажы Дооловдун айткандарын 3 критерий менен карап чыгып, шариятты бузбагандыгын, саясатка аралашпагандыгын жана жеке бир адамдын абройуна жана кадыр-баркына шек келтирбегендигин аныктады.

"Учурда Садыбакас ажы Доолов менен баарлашуу жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Садыбакас ажы Доолов өлкөдөгү эттин баасынын өсүшү тууралуу айткан сөзү соцтармакта кызуу талкуу жаратып, кийин Муфтият бул боюнча териштирүү жүргүзүлө турганын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий