• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте жол кирени көтөрүү сунушталууда. Вице-мэр себебин түшүндүрдү

Коом 0


Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмдүн баасын 20 сомго көтөрүү сунушталууда. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал шаардагы коомдук унаалардын баарына, тагыраагы, автобус, троллейбус жана кичи автобустардын менчигине карабай бирдей баа – 20 сомдон болушу керектиги сунушталганын айтты. Ошондой эле жол кирени көтөрүүнүн зарылчылыгы эмнеден улам келип чыкканына токтолду.

“Азыркы күндө жол киренин өздүк наркы 19 сом 80 тыйынды түзөт. Учурда унаа тетиктери, күйүүчү май кымбаттап, айдоочулардын маянасы дагы 50 миң сомго көтөрүлдү. Ушунун баарын эсепке алганда 20 сомдун тегереги болуп жатат”, – дейт Сазыкулов.

Долбоор бир же бир жарым айдын ичинде каралып, ишке киргизилери айтылды.

Пикир

Оставить комментарий