• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Накталай эмес төлөм мэрияны чыгымга учураттыбы? Абдыкадыровдун жообу

Коом 0


Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы накталай эмес төлөмдү киргизүүдөн чыгым тарткан жок. Айтылган кептер негизсиз. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Эмилбек Абдыкадыров социалдык тармактарда накталай эмес төлөмдөр тууралуу айың кептер тарап жатканын айтып, ага кеңири түшүндүрмө берди.

“Социалдык тармактарда мэрия 36 млн сом чыгымга учурап калыптыр деген сөздөр айтылып кетти. Бул чыгым эмес. Азыр шаарда автобустар көбөйүп жатат. Бул ошол көбөйгөн автобустардын субсидиясынын айырмасы эле. Мамлекет эч чыгым тарткан жок. Муну биз кызыккан органдарга да түшүндүрүп бердик” – деди Бишкек шаарынын мэри.

Ошондой эле Абдыкадыров эмки жылы тариф, ага кошо субсидиялар да кайра караларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий