• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эми "Айчүрөк" соода борбору курчоого алынды – милиция

Кырсык 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда саат 11:18де Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына "Айчүрөк" соода оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда соода борборунан кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланып, имарат курчоого алынды. Тиешелүү кызматтар зарыл чараларды көрүшүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн милицияга ошондой эле Жогорку соттун, Ленин жана Октябрь райондук сотторунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратына, "Азия Молл" соода жана оюн-зоок комплексине жардыруучу заттар коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий