• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 1 адам каза болуп, алты жүргүнчү жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 105-чакырымында кечээ, 21-октябрда болжол менен 08:00дөр чамасында Toyota жана Mercedes үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 6 жүргүнчү жабыркады.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий