• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алты айда балдар үчүн "ишеним телефонуна" 45 миңден ашык кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. 2022-жылдын 6 айында балдар үчүн "ишеним телефону" 111 кыска номерине 45 миң 29 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Министрдин айтымында, анын ичинен 1 миң 256сы максаттуу кайрылуу болгон, балдар тарабынан 304, чондор - 952.

"Ар бир кайрылуу боюнча адистер тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү иш-аракеттер көрүлгөн. "Ишеним телефону" боюнча шашылыш консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүүнү жогорку билими бар, ошондой эле ушул багыт боюнча атайын окуу курстарын аяктаган адистер жүзөгө ашырууда", - деди ал.

Эскерте кетсек, балдар үчүн "ишеним телефону" 2015-жылдын 10-сентябрынан бери иштеп келет. Анын негизги милдети балдардын укуктарын коргоо, балдарга, өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине психологиялык жардам көрсөтүү болуп саналат. Психологдор күнү-түнү жардам беришет. Бардык байланыш операторлорунун чалуулары акысыз.

Пикир

Оставить комментарий