Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 2 катмар асфальт-бетон төшөлүп, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилери орнотулуп жатат.

Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, аялдама комплексин орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Скрябин көчөсүнө чейин жол чийиндерин чийүү боюнча жумуштар башталууда.

Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө телефон зымдары үчүн каналды жана аялдама орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкеде бордюрлар орнотулууда, ал эми Бөкөнбаев көчөсүнө жакын тилкеде жер жумуштары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий