Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Бишкектин борбордук көчөлөрүнө өстүрүлгөн жоогазындар гүл ачып, жаздын жана шаардын көркүн ачууда. Гүлдөр “Бишкек жашылдандыруу чарбасы” тарабынан былтыр күздө отургузулган.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жазгы жоогазындар өзүнүн ар түрдүү түстөрү жана түрлөрү менен шаар тургундарына жылмаюу тартуулашууда. Шаарда кызыл, кызгылт, сары, кызгылт сары жана көгүлтүр түстөгү жоогазындарды көрүүгө болот.
Бул жылы жалпысынан 18 түрдүү 193 миң жоогазын өстүрүлгөн.
Гүлдөп бүткөндөн кийин алар казылып алынып, кургатылып, күзүндө кайра отургузулат. Жоогазындардан кийин шаарды 48 түрдөгү 148 миң 403 гүл кооздойт.
Пикир
Оставить комментарий