• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте “Жоокер ыры” аскер –патриоттук ырлар сынагы жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. №12 мектеп-гимназиясынын базасында Бишкек билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Жоокер ыры” аскер –патриоттук ырлар сынагынын тандалма туру өттү. Бул тууралуу башкалаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын максаты – мектеп окуучуларын мыкты поэтикалык-музыкалык чыгармачылыктын үлгүсүндө рухий-нравалуулук, жарандык-патриоттук жана көркөм-эстетикалык жактан тарбиялоо болуп саналат.

Сынак эки – “Согуш жылдарындагы ырлар” жана “Патриоттук ырлар” номинацияларында өткөрүлүп, ага шаардын 28 мектебинен 52 окуучу катышты.

“Патриоттук ырлар” номинациясы боюнча сынактын жыйынтыгында 1-орунду Айзан Усупбаева ( № 24), 2-орунду Акмарал Акылбекова (№ 4), 3-орунду Роза Дүйшеева жеңип алышты. “Согуш жылдарындагы ырлар” номинациясында 1-орунду Роман Чеснов (№ 20), 2-орунду Олжобай кызы Гүлкан (№ 31), 3-орунду Бермет Кундашева (12) ээлешти.

Ошондой эле, айрым окуучулар көрүүчүлөрдүн симпатиясы жана кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий