• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча иш план талкууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча 2026-жылга чейин түзүлгѳн иш план талкууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен Бүткүл дүйнѳлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосунда ѳткѳрүлдү.

"Жаннат" мейманканасында өткөн талкуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын сунушу менен таза абада улантылып, ден соолукту чындоочу кѳнүгүүлѳр менен коштолду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун улуттук кызматкери Алина Алтымышева узак жашоого эмне тоскоол болот деген суроого токтотулуп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ал дүйнө жүзүндөгү бардык өлүмдөрдүн 70%ын түзгөн жугуштуу эмес оорулардын жайылышына байланыштуу экендигин билдирди.

Көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда да жугуштуу эмес оорулар калк арасындагы майыптыктын, оорулардын жана мезгилсиз өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.

Өнөкөт оорулар деп аталган жугуштуу эмес оорулар, адамдан адамга жукпайт. Алар билинбей пайда болуп, жай өөрчүйт.

Дарыгерлердин айтымында, илдеттер канчалык кооптуу болбосун, алдын алууга болот. Бул оорулар адамдын жашоо образына тыгыз байланышкандыктан алдын алуу жолдорун табуу зарыл, бул мүмкүн.

Жугуштуу эмес ооруларга алып келген негизги факторлор:

  • Тамеки тартуу;
  • Спирт ичимдигин ичү;
  • Туура эмес тамактануу;
  • Аз кыймылдоо;
  • Экологиялык абал ж.б.

Пикир

Оставить комментарий