• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Нарын шаарында эл каттоо 70 пайызды түздү

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Нарын шаарында эл каттоо 70 пайызды түздү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каттоо жараяны учурда шаар тургундарынын арасынан үйүндө жок болуп калган учурлар болууда.

Нарын мэриясы шаар тургундарын эл жана турак жай фондун каттоо улуттук компаниясына жигердүүлүк менен катышууга чакырат.

Эл жана турак жай фондун каттоо улуттук өнөктүгүн жүргүзүүдө статистикалык башкармалыкта ишеним телефондор уюштурулду; (03522) 5-46-06,5-04-95, 0701 09-76-76.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 25-мартында башталган, ал 3-апрелге чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий