• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Бишкектеги №40 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 20.04.24./Кабар/. Бишкек шаарындагы №40 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү, оюн аянтчаларын жана тосмолорун орнотуу, ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты эки кабаттуу. Жайдын аянты 2100 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер тилкесинин аянты – 1,6 га.

Бала бакча 360 балага, 12 тайпага ылайыкталган. Бакчада ымыркайлар, кенже, жогорку тайпа жана мектепке чейинки даярдоо тайпалары болот.

Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастика сабактар үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган.

Ошондой эле мектепке чейинки мекемеде бардык көмөкчү бөлмөлөр - медициналык бөлмөлөр, тамак-аш блогу, кир жуучу жай жана тейлөө бөлмөлөрү каралган. Ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.

Белгилей кетсек, №40 бала бакча 1971-жылы курулуп ишке берилип андан кийин №20 мектептин башталгыч класстарын окутуу үчүн колдонулуп келген. 2023-жылдын 25-мартынан баштап кайрадан бала бакча катары бекитилип, бүгүнкү күндө капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий