• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте шаардык кеңешке кайра шайлоо күнү коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштейт

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Бишкекте шаардык кеңешке кайра шайлоо күнү (11-июль) коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мааллыматка ылайык, коомдук унаалар таңкы саат 6:00дөн түнкү 23:00гө чейин иштейт.

Эскерте кетсек, 11-июлда шаарда Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо болот. Борбор калаада 228 шайлоо участкасы даярдалды: Ленин районунда - 62 УШК, Октябрь районунда - 59, Биринчи май районунда - 49, Свердло районунда - 58.

Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгачева шайлоо өткөрүү боюнча штабда ооруп жаткан адамдар үчүн өзүнчө шарттар түзүлөт деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий