Бишкектеги "Ак Босого" конушунда 2-ноябрда ичүүчү суу жок болот

Коом 0

Бишкек, 01.11.23./Кабар/. Бишкектеги "Ак Босого" конушунда эртең, 2-ноябрда ичүүчү суу жок болот.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, суу саат 10:00дөн 17:00гө чейин токтотулат.

Мындай чара "Ак Босого-1", "Ак Босого-2" суу сактагычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий