• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Бишкектеги атышуу. Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди

Кырсык 0

Бишкек, 11.10.24. /Диана Айдарова-Кабар/. Бишкекте 10-октябрдын кечинде атышуудан кийин эки бейтап тез жардам кызматы аркылуу саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бейтап С.Э. Клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат, операциядан кийинки абалы оор бойдон калууда. Анын санына ок тийген.

Ал эми экинчи бейтап Улуттук хирургия борборунун реанимация бөлүмүндө жатат, операциядан кийинки абалы туруктуу жана оор. Көкүрөк жана ич көңдөйү жабыркаган.

Эскерте кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги бокс боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусунун бокс залында ок атышуу болгонун кабарлаган.

Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий