Бишкек, 17.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлору жарандарды дем алыш күндөрү да кабыл алууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын саламаттык сактоо боюнча координатору, №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Асел Теңизбаева билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлору жарандарды эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин кабыл алууда. Ал эми ишемби күнү саат 08:00дөн 17:00гө чейин, жекшемби күнү 08:00дөн саат 14:00гө чейин иштейт.
“Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Шаардык балдар тез жардам ооруканасында кайрылуулар көп болууда. Ошондуктан Бишкек шаарынын тургундарына кайрыла кетет элем, борбор калаадагы бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлору жарандарды кабыл алып жатат. Эгерде курч дем вирустук оорулардын жана грипптин белгилери пайда болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылыңыздар”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий