• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкектеги көчөлөрдүн бирине жаңы асфальт төшөлдү

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Автоунаа тыгындарын алдын алуу жана унаалардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Элебесов көчөсүнө чыгуучу Питомник көчөсүнө жаңы асфальт төшөдү.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, бул объект боюнча күн сайын "Дордой" базарынан маршруттук таксилер жана көп сандагы жеңил унаалар өтүп турат. Бүгүнкү күндө бул агым жаңы окуу жылынына даярдыктар башталышына байланыштуу жогорулады.

Бригада биринчи кезекте эски асфальтты сыйрып, таштандыларды чыгарып, топуракты пландоо жана таптоо менен алек болуп, битум эмульсиясын чачып, асфальт-бетон аралашмасын төшөп, төшөлгөн Ысык асфальтты каток менен таптап, капиталдык оңдоону аяктады.

Белгилей кетсек, 10-августтан баштап жол жүрүүгө ачык.

Пикир

Оставить комментарий