• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бишкектеги карылар үйүндө сулуулук күнү уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде кайрымдуулук акциясы уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кайрымдуулук акциясынын алкагында «Мухабат» сулуулук салонунун чеберлери чоң ата, чоң энелерге модалуу чач жасалгаларын жасап берди. Сулуулук кызматын 35ке жакын адам пайдаланды.

Белгилей кетсек, мода иш-чарасы Биринчи май районунун акимчилиги тарабынан уюштурулган.

Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеси 1961-жылдан бери иштеп келет. Мекеме жергиликтүү бюджеттен каржыланып, аны кармоого жыл сайын 24 млн сомго жакын каражат бөлүнөт.

Учурда бул мекеменин бардык тургундары 4 маал тамактануу, социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, ошондой эле биринчи керектелүүчү буюмдар, кийим-кечелер менен толук камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий