Бишкектеги митинг. Улуттук госпиталга 5 жабырлануучу түштү, анын үчөөсү ооруканага жаткырылды

Коом 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Улуттук госпиталга Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы митинг учурунда жаракат алган 5 киши алынып келди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, эки адамга жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар амбулатордук дарыланууга жиберилген. Үч киши орточо оор абалда ооруканага жаткырылган.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ала-Тоо" аянтында ар кайсы саясатчыларды колдогон тараптардын ортосунда чыр орун алды.

Бишкекте 4-октябрда болгон парламенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыктарына нааразы болгон тараптар митинг уюштуруп, нааразычылыктар токтой элек.

Пикир

Оставить комментарий