• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош базарында санитардык күндүн талаптарын сактабаган соодагерлерге айып салынды

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы шаардын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош базарынын айрым соодагерлери санитардык талаптарды аткарган жок.

"Графикке ылайык дүйшөмбү күндөрү бардык базарларда санитардык күн. Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн соода түйүндөрү жабылышы керек. Бирок айрым ишкерлер эреже бузушкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Инспекторлор рейдди Ленин акимиатынын өкүлдөрү менен бирге өткөрүштү. КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 434-беренесинде каралган тартипти бузгандыгы үчүн 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин «Табрис Мурас», «Мускат сервис» ишканаларына, Н.Каденова Н, А.Розиев аттуу жарандарга айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий