• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте социалдык контракт алган үй-бүлөлөрдөн кабар алынды

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков социалдык контракт алган үй-бүлөлөргө барды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Свердлов району боюнча 76 долбоордун катышуучусуна бизнес ачуу үчүн ар бирине 100 миң сомдон берилди.

Каражаттар бизнес-пландарда белгиленген өз бизнесин уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алууга жумшалды.

Төмөндөгү багыттар боюнча бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилди:

- тигүү өндүрүшү - 50;
- чакан дүң соода - 13;
- коомдук тамактануу жана ашпозчулук - 2;
- тиричилик кызматтары (тазалоо) - 1;
- жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүү үчүн автоунаа сатып алуу - 6;
- башка өндүрүш (биожер семирткичтерди өндүрүү - биогумус )-1;
- маникюр боюнча кызматтар - 1;
- тоок багуу - 1;
- асыл тукум койлор - 1.

Кошумчалай кетсек, Бишкек мэриясынын убактылуу комиссиясы дагы 19 катышуучунун документтерин жактырды.

Эске салсак, бул жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, алардын оор турмуштук абалынан чыгуу үчүн жигердүү кадамдарга дем берүүгө, эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле кошумча жумуш орундарын түзүү процессине ишкерлерди тартууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий