• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Энергетика ардагери: Электр энергиясынын тарифин көтөрүү – тармакты сактап калуунун жолу

Коом 0

Бишкек, 22.01.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапародун электр энергиясынын тарифин көтөрүү чечими - тармакты сактап калуунун жолу. Мындай пикирин энергетика ардагери жана инженер Мирбек Батаканов "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ президент үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып электр энергиясына болгон тариф 77 тыйындан 1 сомго көтөрүлө турганын билдирген.

Батакановдун айтымында, Кыргызстанда азыркы тарифтер өзүнүн наркына таптакыр туура келбейт.

"Биз тариф маселесин олуттуу темага айлантып алдык. Ошол эле учурда жашоонун дээрлик бардык чөйрөлөрүндө баалар өсүүдө. Бирок эл ар кандай керектүү кызматтарды колдонууну токтото элек. Ал эми электр энергиясынын баасын жогорулатуу маселеси көтөрүлөрү менен дароо эле активдүү спекуляция башталат", - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Батаканов тарифтердин төмөн болуусу энергетика тармагына инвестор тартууга да тоскоол болуп жатканын баса белгиледи.

"Биз дайыма энергетика тармагына инвестор тартуу керектигин айтып келебиз. Ооба, бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар, бирок биздин тарифтер менен салынган инвестициянын кайтышынан күмөн санайт", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.


 

Пикир

Оставить комментарий