• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектеги суу тартыштыгы. Маселени чечүү үчүн 500 млн сом керектелет - вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Бишкектеги суу маселесин чечүү үчүн кеминде 500 млн сом керектелет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, суу алгычтарды кеңейтүү иштерин жүргүзүү үчүн “Баш-Карасуу” суу алгычынын жанынан 4 гектар, “Сельский” суу алгычынын жанынан 3 гектар, “Контррезервуар” суу алгычынын жанынан 4 гектар жер тилкесин бөлүү зарыл.

Ал белгилегендей, суу көйгөйүн чечүү максатында Арча-Бешик конушундагы Айылчиев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө суу түтүгүнүн курулушу аяктоо алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий