• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шаардагы №5 жана 14 троллейбустардын каттамы өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 01.06.19. /Кабар/. Бүгүн Жайыл Баатыр көчөсү оңдоого жабылып, №5 жана 14 троллейбустардын каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэрия билдиргендей, Жайыл Баатыр көчөсү бүгүн, 1-июндан тарта оңдоо иштерине жабылгандыктан аталган эки каттамдын багыты бир аз өзгөрөт.

"Троллейбустун №5 каттамы "Тунгуч - "Аэрофлот" агенттиги" жана №14 троллейбус Киркомстром - "Аэрофлот" агенттиги" каттамы менен жүрөт", - деп билдирет мэрия.

Эскерте кетсек, аталган көчөнүн Тыналиев менен Д. Садырбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси 15-июнга чейин оңдоо иштерине жабылат.

Мэрия бул ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурайт.

Пикир

Оставить комментарий