• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

«Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» аттуу балдар фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. Эртең, 1-июнда, президенттин колдоосу менен К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында «Роза Отунбаеванын демилгелери» Фонду жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» балдар фестивалы өтөт.

Иш-чарага президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, экс-президент Роза Отунбаева жана ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо катышат.

Адамдык капитал өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө негизги өзөк катары цивилизациянын өнүгүшүндө алдыңкы фактор болуп эсептелет. Балдардын өнүгүүсүнө кичине чагынан баштап инвестициялоо натыйжалуу болуп, биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн өбөлгөсүн түзөт.

Кыргызстандын балдары абдан чоң потенциалга ээ, алар ар дайым ар кандай спорттук мелдештер, турнирлер, эл аралык деңгээлде мектеп сабактары боюнча олимпиадаларда жеңишке жетүүдө. Жаш кыргызстандыктар өлкөнүн намысын татыктуу коргоп жатышат.

Жаш таланттар: жаныбарлар дүйнөсүнүн таануучусу Албан-Али Алим уулу, кичинекей бийчилер Нурпери жана Айпери Тургуналиевалар, жаш каратист Нурмухаммад Ташмаматов Россиянын Биринчи каналынын миллиондогон көрүүчүлөрүнүн жана кыргызстандыктардын сүймөнчүгүнө айланышты.

Фестивалдын негизги максаты — балдарга болгон инвестиция менен өлкөнү өнүктүрүүдөгү инвестициялардын түз байланышын жана балдардын ата-энелеринин киреше деңгээлине жана жашоо аймактарына карабастан өнүгүү мүмкүнчүлүгүнүн кенендигин көрсөтүү.

Эл аралык балдар күнүнө карата чемпион-балдар жана «жылдыз"-балдар «тең-теңине» принциби боюнча оор турмуштук абалда калган балдарга мастер-класс өткөрүшөт жана өнөрлөрүн көрсөтүп беришет.

Жетим жана аз камсыздалган үй-бүлөдөгү балдар шахмат боюнча Азия чемпиону Айжан Съездбековадан шахмат оюнун үйрөнүп, кызыктуу химиялык тажрыйбаларды жүргүзүп, Рубиктин кубигин ылдамдыкка чогултуп, вальс бийлегенди үйрөнүп, жаш таэквондисттерден коргонуунун биринчи сабагын алып, эбру — сууда сүрөт тартуу маданияты менен тааныша алышат жана башка көптөгөн нерселер менен алектенишет.

«Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» балдар фестивалы К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 11:00 башталат.

Пикир

Оставить комментарий