• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Бишкектеги жер алдындагы көп функционалдуу өтмөктүн курулушу март айында башталат

Коом 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Бишкектеги Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай март айында курула баштайт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жайдын долбоору шаардын инфраструктурасын модернизациялоодогу маанилүү кадам болуп саналат.

Долбоор «Ташболот Холдинг» компаниясы жана «Олд Бишкек» ЖЧКсы тарабынан каржыланат. Алар кредиттик ресурстарды жана инвесторлордун кошумча каражаттарын тартууда.

Курулуштун бюджети 2 млрд сом болот. Мэрия долбоордун инвестициясынын кайтарымын камсыздоо үчүн объектини 49 жылдык мөөнөткө ижарага башкарууга өткөрүп берген.

"Бүгүнкү күндө биз шаардын инфраструктурасын жаңылоо боюнча олуттуу аракеттерди көрүп, тышкы инвестицияларга гана эмес, ички инвестициялар менен да активдүү иш алып баруудабыз. Бул борбор калаанын туруктуу өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү бардык маселелерди чечүүгө жол бербейт, бирок тышкы жана ички ресурстарды тартууну да карап жатабыз.

Акыркы 30 жылда биз мындай масштабдагы долбоорду биринчи жолу ишке ашырып жатабыз жана бул шаардын башка аймактары да өнүгө турган прецедент болуп калат. Жер тилкеси аукционго коюлуп, жеке инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алгачкы ижара акысы 2 млн сом болсо, аукциондун жүрүшүндө 7 млн сомго жетти. Жер инвесторго 49 жылга берилип, долбоордун жалпы бюджети 2 млрд сомго жакын болот” , - деди мэр.

Маалыматка караганда, комплекс эки соода борборун бириктирип, Байтик баатыр көчөсүнө чейин созулат. Долбоор курулуш жана эксплуатация фазаларында жаңы жумуш орундарын түзүүгө салым кошот.

Унаа токтотуучу жай жана жер астындагы өтмөк салуу борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтууга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жолду камсыз кылууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий