Бишкектен Астанага жаңы автобус каттамы жүрө баштады

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бишкектен Астана шаарына жаңы автобус каттамы жүрө баштады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, билеттин баасы 2500 сомду түзөт. Билеттерди beket.kg сайтынан, же автобекеттин кассасынан алууга болот.

"55 орундуу автобустар жуманын ар шейшемби күнү саат 12:00дө Бишкектен жөнөп кетет, ал эми Астанадан кайра артка бейшемби күнү чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий