• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын саны 1,7 миңден ашты

Коом 0

БишкеК, 11.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын 11-сентябрына карата, республика боюнча иштеп аткан күнөсканалардын жалпы саны 1 миң 765 даананы түздү, ал эми ээлеген аянты 203,1 га жерге жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Облустар боюнча алып караганда:

  • Чүй облусу боюнча — 265 даана (53 га жерге);
  • Ысык-Көл — 74 даана, (5 га);
  • Нарын — 38 даана (5 га);
  • Талас — 15 даана (4 га);
  • Ош — 370 даана (53 га);
  • Баткен – 191 даана (13,1 га).
  • Жалал-Абад облусу боюнча — 812 даана (70 га жерге) күнөсканалар коюлган.

Айыл чарба министрлигинен кошумчалашкандай, негизинен күнөсканалар Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Чүй облустарында курулууда.

Пикир

Оставить комментарий