• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте КМШ Жаштар симфониялык оркестринин концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Эртең, 12-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КМШ Жаштар симфониялык оркестринин концерти өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун алкагында өтмөкчү.

Шериктештиктин 11 өлкөсүнөн келген таланттуу музыканттарды бириктирген КМШнын жаштар симфониялык оркестри - бул шериктештик өлкөлөрүнүн жалпы маданий мейкиндигин өнүктүрүүгө багытталган КМШга катышкан мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык фондунун көрүнүктүү долбоорлорунун бири болуп саналат.

Концерт саат 17:30да башталат. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий