• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкектик спортчулар дзюдо боюнча Казакстанда өткөн турнирде жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Бишкектик спортчулар дзюдо боюнча Казакстанда өткөн турнирде жеңишке жетти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш 8-11-декабрь аралыгында Казакстандын Тараз шаарында өттү.

Алсак, Күрөш өнөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары дзюдо боюнча уландар жана кыздар арасында Arlan Judo Kids Tournament ачык турниринин жеңүүчүлөрү болушту.

Спортчулар 6 медалга татыды:
Темирлан Тургунбеков – 1-орун (29 кг салмакта);
Кантемир Тургунбеков – 2-орун (35 кг);
Эмил Солтобеков – 3-орун (35 кг);
Сыймык Ишеналиев – 3-орун (38 кг);
Орозбекова Адинай – 3-орун (40 кг).

Пикир

Оставить комментарий