Бишкектик спортчулар Ташкентте өткөн эл аралык жарышка катышты

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Бишкектик спортчулар эл аралык «Yangi Nafas» массалык жарышына катышты. Спорттук иш-чара Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөндүгүн муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара Борбор Азиянын жеңил атлетика федерациясы Өзбекстан Республикасынын Жеңил атлетика федерациясы менен биргеликте уюштурулган. Ал 30-июнда белгиленүүчү Жаштар күнүн майрамдоого карата өткөрүлдү.

«Yangi Nafas» эл аралык массалык жарышы өлкөнүн бардык булуң-бурчунан катышуучуларды жана коңшу мамлекеттерден делегаттарды чогултту.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандан делегаттар иш-чарага барып келишкен. Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти бул жарышка катышуу үчүн Борбордук Азиянын жеңил атлетика федерациясы менен Өзбекстан Республикасынын Жеңил атлетика федерациясынын чакыруусунун негизинде мелдешке 89 адамды жөнөткөн.

Катышуучулар шаардын борборунда атайын даярдалган маршрутту чуркап өтүшүп, өздөрүнүн физикалык туруктуулугун жана күчүн көрсөтүштү. «Yangi Nafas» эл аралык массалык чуркоосу жаштардын башын бириктирген жана өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдаган эң сонун спорттук окуя болуп калды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти иш-чаранын уюштуруучуларына чакыруу жана «Yangi Nafas» эл аралык чуркоосуна катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет. Биздин спортчулардын бул маанилүү окуяга катышуусу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы спорттук байланыштарды өнүктүрүүдө жана достук мамилелерди чыңдоодо олуттуу кадам болуп саналат.

Ташкентте өткөн «Yangi Nafas» эл аралык массалык чуркоо Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда спортту өнүктүрүүгө жана достук байланыштарды чыңдоого салым кошкон маанилүү иш-чара.

Пикир

Оставить комментарий