• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте поликлиникага гинекологиялык ооруларды дарылоо үчүн жабдуулар берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Кыргызстандагы Чек арасыз дарыгерлер (MSF) уюму "Аялдардын ден соолугу" долбоорунун алкагында Бишкектеги №6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдууларды тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жабдуулар репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган. Топтомго коагулятор жана анын аксессуарлары кирет, мындан тышкары башка медициналык буюмдар да берилди.

"Биз өнөктөшүбүздөн Cervix Wisap 6001 коагуляторун алдык, бул биздин Үй-бүлөлүк медицина борборуна болгон чоң салым, анткени биз 35 миңден ашык аялдарды тейлейбиз жана мындай жабдуулардын болушу ар дайым маанилүү. Бул заманбап жабдуулар эрозияларды күйгүзүү, папилломаларды, кондиломаларды жана ракка айлана турган ар кандай шишикчелерди алып салуу сыяктуу процедураларды жүргүзүү үчүн зарыл, бул борбордун гинекологиялык ооруларды дарылоодогу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жакшыртат", - деди ҮМБнын директору Асел Теңизбаева.

"Кыргызстандагы MSF Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жатын моюнчасынын рагына жана сүт безинин рагына скрининг боюнча долбоорду ишке ашырууда. Ошондуктан биз үчүн тиешелүү диагностиканы жүргүзүү үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган ҮМБлардын болушу абдан маанилүү. Биз өнөктөштөрүбүздүн бири катары №6 ҮМБга колдоо көрсөтүп жатканыбызга кубанычтабыз", - деп белгиледи MSF Кыргызстан долбоорунун медициналык координатору доктор Сесиль Катакутан Джойс.

Маалымат үчүн: Чек арасыз дарыгерлер (MSF) - 70тен ашык өлкөдө иштеген көз карандысыз медициналык гуманитардык уюм. Уюмдун негизги миссиясы – саясий, диний жана экономикалык жагдайларга карабастан, муктаж болгондорго медициналык жардам көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий