• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянт көрктөндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянт көрктөндүрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган аянтка 49 ийне жалбырактуу жана 27 жазы жалбырактуу дарактар отургузулду. Ошондой эле сугат системасы орнотулуп, келечекте бул аянт тамчылатып сугарылат.

Мындан тышкары, 1429 чарчы метр аянтка көк майсан себилет.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган аянтта мыйзамсыз соода түйүндөрү жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий